Мектептин тарыхы
Чүй облусу, Ысык-Ата району, Карагай-Булак айылы
Мектеп 1975-жылы курулуп,1976-жылы ишке пайдаланууга берилген.
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.
Мектептин жалпы аянты 340кв/м.
Жылытуу системасы көмүр менен жылытылат.
Мектеп жамааты:
17 мугалим эмгектенет. Анын ичинен 4 мугалим Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн отличниги».
Жалпы окуучулардын саны 138 окуучу, класс комплект 11+ 1 мектепке чейинки класс.
Мектептин алдыңкы максаты: «Окуучуларга татыктуу тарбия,сапаттуу билим берүү»
2019-жылы мектептин «Тамагын жакшыртуу» боюнча ыраазычылык барагы менен сыйланган.
Мектептин жетишкен ийгиликтери:
2019-2020-окуу жылында райондук олимпиадага 3 окуучу катышып, анын ичинен 1 байгелүү орунга ээ болдук.
2018-2019-окуу жылында 7 окуучу катышып,анын ичинен 1 байгелүү орунга ээ болдук.
2017-2018-окуу жылында 6 окуучу катышып анын ичинен 1 байгелүү орунга чыктык.
Облусттук олимпиадада кыргыз тили жана адабияты сабагынан 11-класстын окуучусу Токтобекова Айгерим 3-орунга ээ болуп, Ардак грамота менен сыйланган.
Башталгыч класстардын «Эрудит» олимпиадасында Табылганов Тилек математика сабагынан 1-орунга, Акматалиева Касиет кыргыз тил сабагынан 2-орунга ээ болушту.
Проекттер менен иштөө
2019-2020-окуу жылында ашкананын жабдуулары (Мерсико) тарабынан камсыз кылынды. Ушул эле окуу жылында Чүй өнүктүрүү фонду тарабынан ашкананы оңдоп- түзөө иштери жүргүзүлдү.
2018-2019- окуу жылында «Бирге Окуйбуз» долбоору менен иштеп, 5 сертификатка ээ болуп, мектеп көркөм китептер менен камсыз болду.
Чечилбеген көйгөйлөр
1. Мектепте кабинеттин жетишсиздиги;
2. Мектептин эшик-терезелерин оңдоп-түзөө;
3. Мектептин чатырын оңдоп-түзөө.