Ички тартиби

Танапистердин ырааттамасы

1-смена2-сменаТанапис
18:00 – 8:4513:00 – 13:455 мүнѳт
28:50 – 9:3513:50– 14:355 мүнѳт
39:40 – 10:2514:40– 15:2510 мүнѳт
410:35– 11:2015:30 – 16:155 мүнѳт
511:25– 12:1016:20– 17:255 мүнѳт
612:15 – 13:0017:30– 18:155 мүнѳт
7 

Мектепте окуу 1-сентябрда башталат жана 25-майда бүтѳт

Окуу жылынын узактыгы каникул убактарын эсепке албаганда:

1-класста – 33 жуманы, 2-4-класстарда – 34 жуманы, 5-11-класстарда экзамендик мезгил менен чогуу 34 — 36 жуманы түзѳт.

 

Каникул убагы 30 календардык күндѳн аз эмес убакыттан турат.

Каникулдардын графиги:

Күзгү — 8 күн: 5.11.20 — 12.11.20;

Кышкы — 12 күн: 31.12.20 — 11.01.21;

Жазгы — 10 күн: 22.03.21-31.03.21.

Мектеп ичиндеги башкаруунун абалы:

Мектеп администрациясынын башкаруусу календарлык пландарды, күндөлүк пландарды жана тарбиялык пландарды текшерүү, мугалимдер менен аңгемелешүү, анкета жүргүзүү иштерин жүргүзүшөт.

Негизги багыттары:

1.Мугалимдерге илимий жардам көрсөтүү;

2.Окуу-тарбия иштеринин демократиялык башкаруу процесси мугалим-окуучу-мугалим;

3. Мугалимдин методикалык-техникалык ыкмаларды үйрөнүүгө кайра куруу методикалык иштерине жооп беришет.

Уюштуруу

Дүйшөмбү- жумалык пландаштыруу кенешмесин өткөрүү, жалпы мектептик линейка, методикалык кенешмелерди өткөрүү;

Шейшемби- педкеңеш, директор алдындагы кеңешме,завуч алдында кеңешме, профсоюздук чогулуштар;

Шаршемби- метокалык күн, райондук кенешмелер;

Бейшемби- ата-энелер чогулушу, окуучулардын өзүң -озу башкаруу иштери;

Жума- 0 -класстан жана мектептен тышкары иштерди өткөрүү;(Мектептин ичин жана айланасын санитардык тазалоо)

Мектептин миссиясы:

Ал.Сулайманов жалпы билим берүү орто мектебинде окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк берген окутуу чөйрөсүн түзөт. Сын көз карашка ийкемдүү ой жүгүртүп, издеген билген атуулдук калыптандырат.

Мектептин психологиялык-педагогикалык проблемасы:

Окуучулардын ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн активдештирүү.

Мектептин узак убакытты максаты:

  1. Билим берүү процессинде инсанга багытталган ыкманы колдонуп, жаңы технологияларды киргизүү менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу;
  2. Балдарды ой жүгүртө билүүгө, аларда өз алдынчалыкты, ички рухий маданиятты тарбиялоо;
  3. Мугалимдердин кесиптик жактан тынымсыз өнүгүүсүнө шарт түзүү;
  4. Мектептин турмушуна ата-энелердин катышуусун активдештирүү;
  5. Мектептин материалдык -техникалык базасын чыңдоо.