Алыбаева Гайнаджамал Коккозевна

Чет тили мугалими

 1964- жылы 7- декабрда Чүй облусуна караштуу Чүй районундагы Мичурин айылында туулган.1- класстан 10- класска чейин ошол эле айылдагы мектепте билим алган.Жакшы окуган окуучулардын катарында орто билимин Фрунзе шаарындагы Кыргыз кыз- келиндер педагогикалык институтуна 1983- жылы кирип, англис тили мугалими деген квалификацияны алып, аталган институтту 1988- жылы бүтүрүп чыккан.32 жылдан бери А.Сулайманов атындагы жалпы билим беруу орто мектебинде талыкпай эмгектенип келе жатат. Өмүрлүк жолдошу жана беш баласы бар.