Андашева Анаркул Бейшеналиевна

Башталгыч класстын мугалими

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Аң-Өстөн айылында 1971-жылы 14-мартта төрөлгөн. 1978-жылы Аң- Өстөн мектебине кирип, 1986-жылы 8-классты аяктап, Кыргызстан комсомолунун 50 жылдыгы атындагы Прижевальскийдеги педагогикалык окуу жайына кирип 1990-жылы аталган окуу жайынан «Башталгыч класстын мугалими»кесибин алган.

Эмгек жолун Ысык-Ата районунун А.Сулайманов жалпы билим берүү мектебинде «Башталгыч класстын мугалими» болуп баштаган. Азыркы күндө чейин ушул мектепте эмгектенип келе жатат.