Бейшекеева Нурзада Самировна

Директор

1980-жылы 04-февралда Ысык-Ата районунун Эпкин айылында төрөлгөн. Ал.Молдокулов мектебин 1997-жылы аяктап, педагогикалык колледжге тапшырып 1999-жылы ийгиликтүү аяктап, » Башталгыч класстын мугалими» адистигине ээ болгон. 2007-жылы И.Арабаев атындагы педагогикалык университетине тапшырып, 2010-жылы » Кыргыз тили жана адабияты мугалими» адистигин алган.

2000-жылдан бери А.Сулайманов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде эмгектенип келе жатат.

Ушул эле мектепте 2014-жылдын сентябрь айынан баштап директорлук кызматта иштеп жатат.