Касымалиева Перизат Кадырбековна

Чет тили мугалими

1982-жылы 11-ноябрда Чуй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган.1989-жылы Алмалуу айылындагы Осмонкул Болобалаев атындагы орто мектепке 1-классына кирип 1999-жылы 11- классты аяктаган.Ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинен «Англис тили» адистигинен окутуучу кесибине 2004-жылы ээ болгон. Эмгек жолун 2004 жылы сентябрь айынан баштап А.Сулайманов атындагы жалпы билим берүү мектебинде башталгыч класстын мугалими катары баштаган.Азыркы кезде ушул эле мектепте эмгектенип келет. Жолдошу жана 1 кыз 3 уулдун апасы.