Касымалиева Жылдыз Зарылбековна

Башталгыч класстын мугалими

1983-жылы 12-февралда Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак айылында туулган.1-класстан 8-класска чейин ошол эле айылдагы мектепте жакшы окуган окуучулардын катарында билим алган,андан кийин орто билимин Бишкек шаарындагы Улуттук Компютердик Гимназияда билимин уланткан .2000-жылы гимназияны аяктап ошол эле жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин «Тарых «адистиги боюнча Тарых жана кошумча «Социалдык иш»адистигинен окутуучу кесибине ээ болгон.Эмгек жолун Карагай-Булак орто мектебинде башталгыч класстын мугалими катары баштаган.Азыркы кезде ушул эле мектепте эмгектенип келет.