Султанова Бактыгул Карагуловна

Тарых мугалими

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок айылында 1966-жылы 20-июнда төрөлгөн. 1973-жылы Көк-Мойнок сегиз жылдык мектебине кирип, 1981-жылы аяктап,Бишкек шаарында 9-10-классты бүтүргөн. Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин тарых факультетине кирип,1989-жылы аяктаган. 1989-жылдан баштап Көк-Мойнок толук эмес мектебинде эмгек жолун баштаган.

1993-жылдан баштап А.Сулайманов атындагы жалпы билим берүү мектебинде тарых мугалими болуп жатат.